Үстүбүздөгү жылдын январь айынан июнь айына чейин Кыргызстанда 4 миң 421 турак жай, үч мектеп, үч бала бакча жана тогуз саламаттыкты сактоо мекемеси курулган. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирет.
Турак жай жана социалдык объектилердин көбү Ош облусунда курулган – 1 миң 151. Экинчи орунда Жалал-Абад облусу турат — 891 объект.
Чүй облусунда 596, Ысык-Көл облусунда 457, Бишкек шаарында 362, Талас облусунда 309, Баткен облусунда 292 объект курулган.
Объекттердин ичинен эң азы Нарын облусунда -182 жана Ош шаарында — 91 курулган.