Быйыл Орусиянын 4 шаарына Кыргызстандын элчилигинин бөлүмдөрү ачылат

Быйыл Орусиянын 4 шаарына Кыргызстандын элчилигинин бөлүмдөрү ачылат

2020-жылы Орусиянын дагы төрт шаарында Кыргызстандын элчилигинин бөлүмдөрү ачылат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин жетекчиси Алмаз Имангазиев билдиргенин «Марал» жазды.

Имангазиевдиин айтымында, келе жаткан жылы Орусиянын Сургут, Иркутск, Якутск жана Түштүк-Сахалин шаарларында кыргыз элчилигинин кошумча бөлүмдөрү ачылат. Ошондой эле келерки жылы Орусия тараптан миграциялык мунапыс жарыялоо боюнча да өтүнүчтөр болорун кошумчалады.

Белгилей кетсек, дүйнөнүн 27 мамлекетинде Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү бар. Алардын басымдуу бөлүгү Орусияда ачылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>