Сузакта балдарды сүзүп кеткен «Портердин» айдоочусу үй камагына чыкты

Сузакта балдарды сүзүп кеткен «Портердин» айдоочусу үй камагына чыкты

Сузакта балдарды сүзүп кеткен Hyundai Porter автоунаасынын айдоочусу үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Reporter.kg`ге Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан маалымдашты.

Маалыматка караганда, 4-майда Жалал-Абад шаардык сотунда айдоочу Ж.Б.нын баш коргоо чарасы каралып, ага карата үй камагы тандалган.

Белгилей кетсек, Сузак РИИБдин тергөө кызматы тарабынан 2-майда Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 2-бөлүмү менен (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу)  кылмыш иши козголуп, тийиштүү кызматтарга тергөө тапышрмалар берилип, жабыр тарткандарга соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

Тергөө амалдары жүрүгүзүүдө шектүү катары Сузак районунун тургуну 1976-жылы туулган Ж.Б. суралып, ал Кылмыш-жазык процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына  киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Эскерте кетсек, 2-майда Сузактын Катмы жайлоосунда манас айтып жаткан балдарды Porter унаасы коюп кеткен. 48 жаштагы айдоочу көрсөтмөсүндө балдарга бекер балмуздак таратканы барганын, Жерге-Тал айылдык мектебинин директорунан таттууну кайсы жакка жеткирүү керек экенин сурап телефон чалып жатканда машинасы ылдыйга түшүп кеткенин, артынан токтотконго жетишпей калганын айткан.

Бул окуяга байланыштуу иш-чара учурунда коопсуздук маселесин өз деӊгээлинде камсыздабай жана алдын алуу иш-чараларын так жүргүзбөгөндүгү үчүн жалпы 12 кызматкер тартиптик жазаларын алышкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>