Эртең Бишкектин айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

Эртең Бишкектин айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

Бишкек шаарында эртең, 6-майда оңдоо иштерине байланыштуу жети аймакта электр энергиясы өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек электр тармактар ​​ишканасынан билдиришти.

6-майга карата пландуу иштердин жана техникалык тейлөөнүн графиги:

Чыгыш РЭС 

Саат 10:30дан 17:00гө чейин — Орто-Сай айылы — 10 кВ линиясынын № 3926, 3349, 2568, 4103, 2309, 3833, 2236, 4713, 322 тирөөчтөрүн жылдыруу.

Батыш РЭС 

Саат 13:00дөн 17:00гө чейин – Ш.Руставели көчөсү №257 трансформатордук көмөкчордондон тараган кабелдик чубалгыларды оңдоо;

Саат 9:00дөн 17:00гө чейин — Ч.Айтматов проспекти №45,43, Волдайская көчөсү №93, Раззакова көчөсү №33/1 — ТС №257ден 0,4 кВ кабелдик чубалгыларды өткөрүү;

Саат 9:00дөн 17:00гө чейин — Кулатов, Л.Толстой көчөлөрүнүн участокторунда техникалык оңдоо;

Саат 9:00дөн 17:00гө чейин — Арча-Бешик конушундагы (Абдрахманова, Садырбаева, Орто, Тогузак, Кара-Коо, Төртгүл, 10-Көчө, Сакалдуу, Абаданова, Сыдыгалы көчөлөрүндө) — бутактарды бутоо жана чубалгыларды чыңдоо.

Түндүк РЭС 

Саат 9:00дөн 17:00гө чейин — Кулиев жана Кудрук көчөлөрүнүн участоктору — №322 трансформатордук көмөкчордондон тараган 0,4 кВ аба чубалгысынын жыгач тирөөчтөрүн демонтаждоо;

Саат 9:00дөн 17:00гө чейин – Төмөнкү Ала-Арча (Курманалиева көч., Дружбы, Солнечная) – №4357 трансформатордук көмөкчордондон тараган 0,4 кВ аба линиясынын темир-бетон тирөөчтөрүн орнотуу;

Саат 11:00дөн 14:00гө чейин – Кызыл-Кийская көчөсүнүн участоктору – №1998 трансформатордук көмөкчордондон чыккан 0,4 кВ аба чубалгыларынын кириштерин оңдоо.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>