Улуу Британия социалдык тармактарда өспүрүмдөр үчүн түнкү чектөөлөрдү киргизетКыргызстанда өлкөдөн чыгууга коюлган чектөөлөрдү текшерүү үчүн «Санариптик чек ара» тиркемеси ишке киргизилдиНарын облусунда мыйзамсыз балык уулаган Кытай жарандары Кыргызстандан чыгарылдыШКУ өлкөлөрүнүн артисттери Чолпон-Атада гала-концерт беришетМанас шаарындагы Заманбап эл аралык университетинин проректору кармалды — УКМКНарын коругундагы марал багуучу жайдын аймагы 82 гектарга чейин кеңейтилди
Өзбекстан менен Кыргызстандын чектешкен аймагында жер титиреди
05.05.2024 | 15:57
Бүгүн, 5-майда саат 14:16да Өзбекстан менен Кыргызстандын чектешкен аймагында очогунда күчү 3,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды.
Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жер титирөө Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Баястан, Ажек, Ызар, Кара-Үңкүр айылдарында 3 балл, Ала-Бука, Ак-Коргон Достук айылдарында жана Чаткал районунун Сумсар айылында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөө Баястан айылынан 12 чакырым түштүк чыгышта, Ызар айылынан 15 чакырым түштүк чыгышта, Ажек айылынан 15 чакырым, Ала-Бука айылынан 20 чакырым түштүк чыгышта жайгашкан.
Алдын ала маалыматка ылайык, жер титирөөнүн кесепетинен жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар