Стамбул шаарында Кыргыз киносунун күндөрү өтөтОш шаарынын Кызыл-Байрак айылында 500 орундуу мектеп курулатМоюнга сайган: Москва районунда адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалдыӨзбекстанда аял 30 жыл бою СССРдин паспорту менен жашаганЫсык-Көлдө 501 млн сомдук «Кырчын» турбазасы мамлекетке өттү21-мартта Бишкекте Нооруз майрамына арналган майрамдык иш-чаралар өтөт (программа)
Быйыл Сауд Арабиядан Бишкекке аба каттам ачылат
07.08.2022 | 13:38
Быйыл Сауд Арабиянын борбору Эр-Рияддан Бишкекке түз аба каттам ачылат. Бул тууралуу Кыргызстандын Сауд Арабиядагы элчиси Улукбек Марипов фейсбук баракчасындагы түз эфирде билдирди.
Ал Сауд Арабиясынан келген туристтердин санын арттыруу үчүн түз аба каттамын ачуу керек деген ойдо.
“Араб өлкөлөрүнүн жарандары Кыргызстанга 60 күнгө визасыз келе алат. Бирок бүгүнкү күнү Эр-Рияддан Бишкекке түз аба каттам жок. Учурда аба каттамды ачуу маселеси чечилип калды. Быйылкы жылы түз аба каттам ачылат”, – деди ал.
Анын пикири боюнча, түз аба каттамын ачуу эки өлкөнүн соода-экономикалык карым-катнашын арттырат.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом