Бишкекте Ак илбирс күнүнө карата интерактивдүү AR-квест өтөтФранция жалында: социалдык нааразылыктар кантип массалык башаламандыкка айландыАдылбек Касымалиев социалдык коргоо жана кесиптик бирликтер кызматкерлерин куттуктадыМамлекеттик туунун авторлорунун бири Эдил Айдарбеков дүйнө салдыБишкек ШИИБи Сыймык Жапыкеевдин кармалышы боюнча суроого жооп берди: батирдеги ызы-чууКыргызстанда инвесторлор үчүн жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү сунушталууда
Үйгө кулпулап койгон: Чүйдө уурдалды делген 12 жашар кыз табылды
07.08.2022 | 13:09
Чүй облусунда уурдалды делген 12 жашар кыз аман-эсен табылды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге облустук милициядан билдиришти.
Кечээ, 6-августта Москва райондук милициясына А.А. аттуу жаран (аял киши) арыз менен кайрылып, 12 жашар Н. А. аттуу кызы үйдө жок экенин, уурдалган болушу мүмкүн деп билдирген.
Арыз Москва райондук милициясында каттоого алынган.
“Ошол эле күнү Н.А. табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилген. Белгилүү болгондой апасы күндө жумушка кетип жатып кызын үйдө кулпулап кетчү. Кызы ата-энесине атпай, сыртка чыгып кеткен”, – деп билдиришти облустук милициядан.
Эскерте кетсек, 6-августта социалдык тармактарда Чүй облусунда 10 жашар кыз уурдалды деген маалымат чыккан.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом