Согуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алдыБишкекте ЖАМКтын подполковниги бассейнге чөгүп бараткан кызды сактап калды — чоо-жайыКыргызстандык спортчу Венгриядагы дзюдо турниринде биринчи орунду жеңип алдыЧуңкурчакта түлкүнү аткан жарандарга айып пул салындыБишкекте жол тандабас жөө өтмөктөн 25 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал каза тапты
Быйыл январь-май айларында 32 миң 973 жаранга пенсия дайындалды
09.06.2023 | 18:54
Быйылкы жылдын январь-май айларында 32 миң 973 жаранга пенсия дайындалды. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматы билдирди.
Май айында мекеме 5 миң 317 жаранга пенсия дайындаган. Мындан тышкары 1 миң 501 пенсионерге эмгек стажы, эмгек акысы, майыптыгы боюнча кошумча берилген документтер боюнча пенсия кайра эсептелди.
Кошумчалай кетсек, ушул жылдын 1-январына карата республика боюнча 743 миң 727 пенсионер болсо, пенсиянын орточо көлөмү 7 миң 782 сомду түздү.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом