Депутат Бакиров мандатынан ажырашы мүмкүн. Соттун чечими

Депутат Бакиров мандатынан ажырашы мүмкүн. Соттун чечими

Бишкектин административдик соту Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакировдун шайлоодогу атаандашы Равшан Рысбаевдин бир мандаттуу Көк-Жар шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу тууралуу арызын карап, аны канааттандырды. Бул тууралуу Reporter.kg′ге Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

Ошентип, БШКнын Көк-Жар районундагы Жогорку Кеңештин депутатын шайлоону өттү деп таануу чечими мыйзамсыз деп табылды.

Муну менен Өмүрбек Бакировду №4 Көк-Жар шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты деп таануу боюнча БШКнын токтому да мыйзамсыз деп табылды.

Тараптар 30 күндүн ичинде соттун чечимине даттана алышат.

Буга чейин депутат Өмүрбек Бакиров аны мандатынан ажыратуу аракети башталганын билдирген.  

Эскерте кетсек, 2021-жылдын декабрында Жогорку соту №4 Көк-Жар шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыгы боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин күчүндө калтырган. Арыз ээси шайлоону өткөн жок деп таанууну талап кылган, ал көпчүлүк добушка ээ болгон талапкер Өмүрбек Бакиров добуштарды сатып алган деп билдирген. Бирок милиция андан кийин айтылган фактыларга далил таба алган эмес.

Белгилей кетсек, Өмүрбек Бакиров Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүү боюнча позициясынан улам анын мандатын тартып алгысы келип жатат деп эсептейт. Ал макулдашууга каршы добуш берген.

БШК мурда маалымдагандай, эгерде бардык инстанциядагы соттор шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну чечсе, Көк-Жар районуна жаңы дайындалган шайлоого Өмүрбек Бакиров катыша албайт.

Мени бышырып жегиле: Бакиров менен Ташиев айтыша кетти (видео)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>