Президент жол эрежесин бузгандардан жеринде тест алуу боюнча мыйзам долбоорду эмнеге артка чакыртканын түшүндүрдүЖайылда жубайын жана уулун сабаган деп шектелип, 35 жаштагы жаран кармалдыКыргызстанда биринчи жолу 3D-протездөө технологиясы ишке киргизилдиЖалал-Абадда алимент төлөбөгөн жаран эки жылга эркинен ажыратылдыКыргызстан 2026-жылдын башынан бери 17 тонна гүл экспорттодуКыргызстанда үч жашка чейинки балдарга 1200 сомдон жөлөк пул бериле баштайт. Президент кол койду
Былтыр 11 айда «Google’га салыктан» өлкө бюджетине 705,6 млн сом түштү
09.01.2025 | 15:35
Былтыр 11 айда чет элдик компаниялар «Google’га салык» катары Кыргызстандын бюджетине 705,6 млн сом төлөдү. Бул тууралуу «Акчабар» каржы порталы жазды.
2023-жылга караганда «Google’га салыктан» түшкөн акча 267,9 млн сомго көп же 1,6 эсе өскөн. Мурдагы жылы 437,6 млн сом чогулган
«Google’га салык» Кыргызстанда 2022-жылы киргизилген. Ал Кыргызстанда электрондук кызматтарды көрсөтүп, акча таап, бирок салык төлөөчү катары катталбаган чет элдик компаниялар тарабынан төлөнөт. Учурда алардын саны 40тан ашат, алардын ичинде Google да бар.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом