Ошто Испаниянын Universidad Europea del Atlántico университетинин кампусун ачуу каралуудаБишкекте электр велосипеддерин уурдап жүргөн деп шектелип эркек киши кармалдыКызыл-Ой айылындагы мектептен чыккан өрт чектөөгө алынды — КР ӨКМКыргызстанда Суу ресурстары кызматына жаңы жетекчи дайындалдыGTA 6 чыкты: оюн Metacritic сайтында 100дөн 99 балл алдыКыргызстанда быйыл 2,3 млн тоннадан ашуун дан эгини жыйналды
Былтыр 11 айда «Google’га салыктан» өлкө бюджетине 705,6 млн сом түштү
09.01.2025 | 15:35
Былтыр 11 айда чет элдик компаниялар «Google’га салык» катары Кыргызстандын бюджетине 705,6 млн сом төлөдү. Бул тууралуу «Акчабар» каржы порталы жазды.
2023-жылга караганда «Google’га салыктан» түшкөн акча 267,9 млн сомго көп же 1,6 эсе өскөн. Мурдагы жылы 437,6 млн сом чогулган
«Google’га салык» Кыргызстанда 2022-жылы киргизилген. Ал Кыргызстанда электрондук кызматтарды көрсөтүп, акча таап, бирок салык төлөөчү катары катталбаган чет элдик компаниялар тарабынан төлөнөт. Учурда алардын саны 40тан ашат, алардын ичинде Google да бар.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом