Акысыз концерттер жана кино көрсөтүүлөр: Бишкекте «Франкофония жазы — 2026» фестивалы башталатМаксым улуттук суусундугу VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий суусундугу макамын алдыЧүй облусунда сот тутумундагы коррупциялык схемага бөгөт коюлду: судья жана катчы кармалдыӨзгөн районунда үч эм төрөгөн энеге 100 миң сом берилдиУКМК күч түзүмдөрүндөгү кадрдык чечимдерге «көшөгө артындагы таасирлер» тууралуу маалыматтарды төгүндөдүКыргызстанда аскер кызматкерлеринин пенсиялык камсыздоосун күчөтүү сунушталууда
Былтыр 11 айда Өзбекстан Кыргызстанга 3730 тонна алма саткан
06.01.2025 | 15:12
Былтыр январь-ноябрь айларында Өзбекстан Кыргызстанга 3 мин 730 тонна алма саткан. Бул тууралуу коңшу мамлекеттин Статистика агенттиги билдирди.
Маалыматка караганда, 2024-жылы 11 айда Өзбекстан чет жакка 14,4 млн долларга 44 миң 114 тонна алма эспорттогон.
Кыргызстан Өзбекстандан алманы көп сатып алган өлкөлөрдүн катарына кирген:
- Казакстан — 34 309 тонна;
- Россия — 5 719 тонна;
- Кыргызстан — 3 730 тонна;
- Тажикстан— 128 тонна;
- Монголия — 80 тонна;
- Башка мамлекеттер — 148 тонна.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом