Былтыр Кыргызстанда 130,2 миң адамга «балага сүйүнчү» жөлөкпулу берилген. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, 2022-жылы «балага сүйүнчүгө» 522,8 млн сом төлөнгөн.
Учурда Кыргызстанда «балага сүйүнчү» жаңы төрөлгөн ымыркайга 4 миң сом өлчөмүндө берилет. Эгер үч эм (же андан ашык) төрөлгөн учурда ар бир наристеге 50 миң сомдон «сүйүнчү» тапшырылат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз