Кыргыз профессионал театрына 100 жыл: Бишкекте шоу-концерт өттүБишкектин үч конушунда 5-ноябрда таза суу убактылуу өчүрүлөтКУЭТтин жетекчилиги алмашты: башкы директор жана анын орун басары кызматтан кеттиКыргызстанда бир жумада сасык тумоо жана КРВИ менен ооругандардын саны 6,9%га өстүТелефонун блоктон чыгарып берем деп алдап кеткен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыМанас районунда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү тогуз айда 396 млрд сомдон ашты
Баткенде аткезчилик жүк ташууга шектүү кармалды
18.01.2023 | 17:52
Баткен облусунда минералдык жер семирткичтерди аткезчилик жол менен ташууга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Белгилүү болгондой, 16-январда Лейлек районунун Кулунду айыл аймагынын “Сада” аймагында 03 KG 249 ACM мамлекеттик номурлуу “Мерседес-Бенц Спринтер” унаасы токтотулган.
Унаанын 28 жаштагы А.Я. аттуу айдоочусу селитра минералдык жер семирткичин аткезчилик жол менен ташууга шектелип кармалып, Баткен райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Ал эми унаасы УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгына киргизилди.
Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары башталды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз