Былтыр Нарын облусунда 42 чакырым жолго асфальт төшөлгөн. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдиди.
Аталган жолдорду асфальттоого 269 млн сом жумшалган.
Нарын облусунда жалпы 3 миң 421,35 чакырым жол бар. Анын ичинен 586,7 чакырымы эл аралык маанидеги жол, 1 миң 590 чакырымы мамлекеттик маанидеги жана 1 миң 244,6 чакырымы жергиликтүү маанидеги жол болуп саналат.