Чүйдө үч унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды

Чүйдө үч унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды

Чүй облусунун ГЭС-5 айылына барган жолдо фура жана эки жеңил унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-мартта саат 20:00дөр чамасында Бишкектин четиндеги айланма жолдо «Ниссан Блюберт» унаасынын айдоочусу Калинин көчөсү менен бара жатып рулду башкара албай фуранын капталын жана «Тойота Камри» унаасын сүзгөн.

Кырсыктан «Тойота Камри» унаасынын жүргүнчүсү жабыркап, ооруканага жеткирилген.

«Ниссан Блюберт» унаасынын айдоочусу мас абалында болгону айтылат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>