Чүйдө адамдарды ташууда деп айыл өкмөтүнүн үстүнөн даттануу түштү

Чүйдө адамдарды ташууда деп айыл өкмөтүнүн үстүнөн даттануу түштү

Чүй облусунда адамдарды шайлоо тилкелерине ташып келүүдө деп айыл өкмөтүнүн үстүнөн даттануу түштү.  Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тынчтыкбек Шайназаров билдирди.  

Анын айтымында учурда бул даттануу боюнча териштирүү иштери жүрүүдө. 

“Чүй облусунун Панфилов районундагы Курама айыл аймагында жергиликтүү бийликтин жетекчиси адамдарды добуш берүүгө ташып келип жатканы тууралуу маалымат түштү.  Бул маалымат учурда териштирилип жатат. Анын жыйынтыгында эгер факты такталса тийиштүү чаралар көрүлөт”, — деди Шайназаров. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>