Чүйдө бир жумада 23 мас айдоочу кармалган

Чүйдө бир жумада 23 мас айдоочу кармалган

Өткөн жума ичинде Чүй облусунун аймагында мас абалында автоунаа башкарган 23 айдоочу кармалган.

Облустук милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, алардын барына 17 миң сомдон айып пул жазылган.

Мындан сырткары 766 айдоочунун катуу ылдамдыкта унаа башкарганы аныкталган.

Ал эми айнеги караңгылатылган 3 айдоочу токтотулган.

Жума ичинде жалпысынан 3067 жолу жол кыймылынын эрежеси бузулганы аныкталган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>