Чүйдөгү мектеп-интернатта балдар жапырт ууланып ооруканага түштү

Чүйдөгү мектеп-интернатта балдар жапырт ууланып ооруканага түштү

Чүйдө 23 бала ууланып ооруканага түштү. Бул тууралуу “Репортерго” Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан тастыкташты. 

Маалыматка ылайык, 9-декабрга караган түнү Шаардык балдар клиникалык ооруканасына Чүй облусуна караштуу Байтик айылында жайгашкан мектеп-интернаттан 23 киши ууланып түшкөн.

Жабыркагандардын жашы 8 жаштан 20 жашка чейин. Баары тең түндө жеткирилген.

Балдардын ашказаны тазаланып, инфузиялык жана детоксикациялык терапия алышкан. Абалы салыштырмалуу канааттандырарлык экенин кабарлашты.

Бул окуя боюнча эпидемиологиялык иликтөө башталган. 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>