Өзбекстан импорттоочулардын массалык дооматтарынан улам жашылча экспортун көзөмөлдөө тутумун өзгөртүүдөТрамп Ирандагы аскердик операциядан улам Си Цзиньпин менен жолугушууну бир айга жылдырууну сурандыБаткенде эркек киши мурдагы жубайынын үйүнөн уурулук кылууга шектелип кармалды18-март: Көпчүлүк аймактарда күн ачык болотБишкекте мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн бала бакчанын курулушу башталдыБорбор калаанын базарларында жана дүкөндөрүндө жумуртканын баасы орточо эсеп менен бир даанасына үч сомго чейин арзандады
Чач узартуу курсуна нааразы болгон кыз төлөгөн акчасын кайтартып алды
17.05.2024 | 09:00
Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо башкармалыгы чач узартуу боюнча курска нааразы болгон кардарга акчасын кайтарып алууга жардам берди. Бул тууралуу Монополияга каршы агенттик билдирди.
Жарандын айтымында, келишим боюнча курста бир айда 12 сабак өтүлмөк. Бирок адис 3 гана жолу окуткан. Андыктан кардар жөндүү эч нерсе үйрөнө албай калганын айтат.
Кыздын дооматына карабай, уюштуруучулар анын акчасын кайтарып берүүдөн баш тартышкан. Кардар Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча башкармалыкка кайрылууга аргасыз болгон.
Аталган башкармалык кайрылуунун негизинде иш алып барып, кызга 35 миң сому кайтарылып берилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом