21-февраль: Көпчүлүк аймактарга жаан, кар жаайтАбдупата Маткаликов Эрнисбек Ормоковдун ордуна Манас шаарынын жаңы мэри болуп дайындалдыДастан Бекешев «TikTok» соцтармагын бөгөттөн чыгарууну суранып, УКМКга кайрылдыКыргызстан менен ЕККУ «тоо күн тартибин» ишке ашыруу жана глобалдык саммитке даярдык көрүү боюнча кадамдарды белгилештиКР Улуттук банкынын кызматкерлери Австрия жана Чехиядагы банктык көзөмөлдүн европалык тажрыйбасын үйрөнүштүБишкекте Жибек-Жолу проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылат
Чек ара аймактарында жер силкинди
17.09.2021 | 09:51
18-сентябрда саат 04:07де Кыргызстан, Казакстан чектеш аймактарында жер силкинди. Анын очогундагы күчү 3 баллга жеткенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин астындагы Сейсмология институту билдирди.
Алдын-ала маалыматтарга караганда, зилзаланын очогу Казакстандын аймагында, Күнгөй Ала-Тоонун түндүк тоо кыркаларында, Талды-Суу айылынан түндүк-чыгышка 22 чакырымда, Каракол шаарынан түндүк-чыгышка 56 чакырымда болгон.
Кыргызстандын эл жыш жашаган аймактарында жер титирөө сезилген эмес.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар