Бишкек: Көп кабаттуу үйдү өрт чулгады

Бишкек: Көп кабаттуу үйдү өрт чулгады

16-сентябрь түнү Бишкек шаарынын Асанбай кичи районунда жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу курулуш имаратында өрт чыкты. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымат таратты.

Маалыматка караганда, кырсык катталган аймакта өрттү өчүрүү үчүн эки өрт өчүрүүчү бөлүм, автошаты жана ыкчам топ тартылган. Саат 21:53тө өрт чектөөгө алынып, саат 00:25 дн өрт толук өчкөн.

Алдын ала маалыматтар боюнча өрт каптаган аймакта кооптуу жагдай жок. Курулуп жаткан имараттын 6- кабатындагы бетон куюу үчүн дайындалган жыгач калыптар күйдү. Өрттүн аянты 700 чарчы метр түздү.

Өрттүн себеби такталууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>