Кыргызстан ТМУдагы өнөктөштөрүнө бирдиктүү фармацевтикалык платформа түзүүнү сунуштадыПрезиденттин Иш башкармалыгы «Кыргыз почтасынын» негизги акционери болдуФАО Азиядагы күрүч түшүмүнө Эль-Ниньонун таасири тууралуу эскерттиКыргызстанда 133 миң педагог эмгектенет — Мугалимдер күнүнө карата маалыматКыргызстан 14 медаль менен Азиада-2026ны 26-орунда жыйынтыктадыФАО: дүйнөдө дан эгиндерин өндүрүү 2026-жылы 2,1%га азаят
Элдерден акча алып алдап жүргөн киши изделүүдө.
17.09.2021 | 10:15
Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун тургуну Калманбетов Самат Шааболотович изделип жатканын жергиликтүү милиция билдирди.
Алардын маалыматы боюнча, Калманбетов Тогуз-Торо районунун 53 жаштагы жашоочусунун уулун жумушка орноштурам деп 30 миң сом, дагы ошол эле аймактын 37 жаштагы тургунун 40 миң сом акчасын карызга алып бербей жүрөт.
Ал алдамчылык беренеси менен иш козголгон.
Учурда Калманбетов тергөөдөн качып жүргөндүктөн милиция элден жардам сурап кайрылды. Алар анонимдүүлүккө кепилдик берилээрин, ошондой эле жогоруда аты аталган жарандан жабыркагандар болсо Тогуз-Торо РИИБне кайрылыңыздар деп билдирген.
Байланыш телефондору: (03738) 5-02-02, 102, (0508) 66-66-15.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом