Президент Кара-Кулжа айылында маданият жана калкты тейлөө борборун ачтыКабмин «Кемин—Балыкчы» ЛЭП курууга 67,7 млн евро тартатЫсык-Көлдө баңги лабораториясы аныкталып, эки киши кармалды«Манас» эпосу дунган тилинде жарык көрдүУКМК: Нарында «Йакын-Инкардын» мүчөлөрү уюмдун идеологиясынан баш тартыштыСадыр Жапаров Чоң-Алайдагы медициналык объектилердин курулушу менен таанышты
Чек ара кызматы: “Эркечтам” өткөрмө бекети убактылуу жабылды
24.05.2022 | 15:55
Кытай менен чектешкен “Эркечтам” өткөрмө бекети убактылуу жабылды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кытайда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам транспорт жана жүктөрдү өткөрүү убактылуу токтотулган.
Кытай тарап сел жолдордун айрым жерлерин жууп, көпүрөлөрдү бузуп кеткенин, бирок кызматтар оңдоо иштерин баштаганын билдирди.
УКМК Чек ара кызматы айдоочуларды жана жүк ташуучуларды сапарларды пландаштырууда ушул жагдайларды эске алууга чакырды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом