Asman Airlines биринчи масштабдуу Open Day иш-чарасын өткөрдү: 100 орунга 2500 арыз түштүКаржы министрлиги ата-энелерден 2,5 млрд сом чогултулганы тууралуу маалыматты четке кактыФутбол: Бишкекте Кыргызстан менен Ливандын курама командаларынын беттеши өтөтТЭН жана инвесторлор болсо, метро курууга даярбыз — Бишкек шаарынын мэриАгартуу министрлиги Бишкекте кайсы бала бакчаларда бош орундар бар экенин маалымдадыИИМ: Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы коррупцияга шектелип кармалды
Министр Т.Иманов паспорт мафиясы боюнча иштин жыйынтыгын айтты
24.05.2022 | 15:09
Санарип өнүгүү министри Талантбек Иманов паспорт мафиясы боюнча жүрүп жаткан иштердин жыйынтыктары менен бөлүштү. Бул тууралуу ал фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.
Анын айтымында, Санариптик өнүктүрүү министрлиги УКМК менен биргеликте жок кылынууга тийиш болгон 2020-2021-жылдардагы жараксыз паспорттордун реестрлерин инвентаризациялаган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Өзгөн району боюнча 1667 жарандык паспорт, 2101 жалпы жарандык паспорт жок экени аныкталган.
Кылмыш ишинин алкагында төмөндөгүдөй чара көрүлгөн:
- Санариптик өнүктүрүү министрлиги УКМК кармаган Калкты жана жарандык абалдын актыларды каттоо департаментинин аймактар аралык бөлүмүнүн адиси кызматынан бошотулган;
- Кылмыш иши козголуп, үй камагында отурган Араван районундагы бөлүм башчысын кызматынан бошотулган;
- Департаменттин кызматкерлерине тартиптик жаза жарыяланган.
Буга чейин Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде Санарип өнүктүрүү министрлиги боюнча депутаттык комиссия түзүү маселесин көтөрүлгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом