Ысык-Көлдү тазалоо иштери жүрүүдө. Суучулдар көл түбүнөн миң метр эски торду чыгарыштыБишкек шаарында Черногориянын Ардактуу консулдугу ачылдыАраванда депутат уюштурган көмүскө кумар ойноочу жай аныкталдыИран АКШ жана Израиль менен болгон чыр-чатакта чабуул коюу тактикасына өткөнүн жарыяладыАФК 2031- жана 2035-жылкы Азия Кубокторун өткөрүүгө билдирмелерди кабыл алууну токтоттуБарскоон – Каракол унаа жолуна 8 жер алдындагы өтмөк курулат
Чек ара кызматы: Каза болгон чек ара кызматкерине гранатометтун огу тийген
17.09.2019 | 03:04
16-сентябрдын кечинде Лейлек районунун Максат айылындагы кыргыз-тажик чек арасындагы атышта каза болгон прапорщик Равшан Муминовго гранатометтун огу тийген. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.
Мекеменин маалыматына караганда ал “Бөрү” атайын тобунун кызматкери болгон. Равшан Муминов 1978-жылы Ташкентте төрөлгөн. Анын артында жубайы, үч баласы жана карыган энеси калды.
Мамлекеттик чек ара кызматы кызматтык милдетин аткарып жатып каз болгон Равшан Муминовдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар