logo
press@reporter.kg
  • facebook
  • odnoklassniki
  • twitter
  • instagram
  • telegram

Чек ара кызматы: Каза болгон чек ара кызматкерине гранатометтун огу тийген

Чек ара кызматы: Каза болгон чек ара кызматкерине гранатометтун огу тийген

16-сентябрдын кечинде Лейлек районунун Максат айылындагы кыргыз-тажик чек арасындагы атышта каза болгон  прапорщик Равшан Муминовго гранатометтун огу тийген. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

Мекеменин маалыматына караганда ал “Бөрү” атайын тобунун кызматкери болгон. Равшан Муминов 1978-жылы Ташкентте төрөлгөн. Анын артында жубайы, үч баласы жана карыган энеси калды.

Мамлекеттик чек ара кызматы  кызматтык милдетин аткарып жатып каз болгон Равшан Муминовдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

 

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>