Кыргызстанда футбол жөнүндө көркөм сериал тартылатЖКда чет элдиктер кыймылсыз мүлк сатып алганда жерге ээлик кылуусуна тыюу салуу сунушталуудаБишкек шаардык соту «75тин каты» ишинин фигуранттарына карата өкүмдү жеңилдеттиКыргызстандыктардын каржылык сабаттуулугу Венгрия, Италия жана Литвадан аштыCIFIT-2026: Кытайда Кыргызстандын инвестициялык потенциалы тааныштырылдыБишкекте аял 140 миң долларлык алдамчылыкка шектелип кармалды
Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусуна келди
17.09.2019 | 08:10
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Куралдуу күчтөрдүн аскердик-транспорттук учагы менен Баткен облусуна келди. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
Өкмөт башчы жумушчу сапарынын алкагында чек арага жакын аймактагы айылдардын жашоочулары менен жолугушуп, ооруканадагы жабыркагандардан кабар алып, тиешелүү мамлекеттик түзүмдөрдүн жетекчилери менен ыкчам кеңешме өткөрөт.
Саламаттык сактоо министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы атыштан Кыргызстандын сегиз жаараны жабыркаганын билдирди.
Мамлекеттик чек ара кызматы бир аскер кызматкерине ок тийип каза болгонун маалымдаган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар