«Кыргызнефтегаздагы» коррупция ишине шектелген Байгазы Матисаков абактан бошотулдуБишкекте 6 жашар бала иттерге таланган окуя боюнча кылмыш иши козголдуБишкекте 6 жашар бала иттерге таланып, ооруканага түштүАйыл чарба министрликке кабыл алууга кире албай жатышат — депутатЕАЭБде учкучсуз жүк ташууну жайылтуу пландалуудаТашкент – Ош багытындагы түз авиакаттам ачылды. Мындан ары каттамдар жумасына эки ирет аткарылат
Чек ара кызматы: Тажикстан Чоң-Алайдагы аскерлерди аткылоосун токтотту
17.09.2022 | 15:35
Тажикстан Чоң-Алайдагы кыргызстандык аскерлерди аткылоосун токтотту. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой Кыргызстан жана Тажикстандын Чек ара кызматынын башчылары Уларбек Шаршеев менен Раджабали Рахмонали жолугушуп, сүйлөшүү өткөргөн.
Анын жыйынтыгы менен саат 14:20да тажик тарап Чоң-Алай районундагы Тешик-Таш, Карамык жана Кароол-Дөбө айылдарындагы кыргыз чек арачыларынын позицияларын миномет жана артиялериялык курал менен аткылоосун токтоткон. Буга чейин тажик тарап аткылоону соат 12:37де баштаганы айтылган.
Кыргызстандын Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы абалды турукташтырууга багытталган иштерин улантууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом