Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Чек арадагы кагылышта ӨКМдин кызматкери каза болду – видео
17.09.2022 | 16:09
Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыш учурунда 16-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бир кызматкери каза болду. Бул тууралуу министр Бообек Ажикеев билдирди.
Анын айтымында, ал кызмат учурунда каза тапкан.
“Кайгылуу окуя болуп, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматынан бир адамды жоготтук. Өзүнүн кызматын аткарып жатканда ок атышууга аралашып кетип, ошол жерде каза тапкан. Ал мыкаачылык менен каза болгон. Ага карабастан кызматкерлер өз милдеттерин аткарып жатышат”, – деди ал.
ӨКМ каза болгон кызматкер тууралуу маалымат азырынча берилбей турганын билдирди.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча кыргыз-тажик чек арасындагы кагылыштан 24 кыргызстандык каза болду. Ал эми жабыркагандан адамдардын саны 121ге жетти.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом