Салык жыйымдары рекорддук 389 млрд сомго жетти. МСК жыл жыйынтыгын чыгардыПрезиденттин Администрациясында 2025-жылдын жыйынтыгы чыгарылды2026-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанда ишкердик толук коргоого алынатКамчыбек Ташиевдин жардамчысымын деп, ишкерлерди коркутуп жүргөн. Шектүү кармалдыКумтөрдүн кирешеси 124 млрд сомдон аштыКыргызстан мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча дүйнөлүк рейтингде 46 тепкичке көтөрүлдү
Чек ара жаңжалы: 11 жаштагы бала да жараат алды
14.09.2022 | 22:27
Тажик аскерлеринин аткылоосунан 11 жаштагы бала да жарадар болгонун саламатык сактоо министрлиги билдирди.
Ал учурда Лейлек районунда ооруканада орточо оор абалда жатат. Далысына жана жаагына октун чачырандылары тийген.
Кыргыз-тажик чегиндеги жаңжалдан улам жарадар болгондордун саны беш адамга жетти.
Алардын экөө аскер кызматкери.
Эскерте кетсек, бүгүн, 14-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы Булак-Башы тилкесинде чыр чыккан. Ок атышуунун айынан кыргызстандык эки аскер кызматкери жараат алды. Андан кийин саат 14:00дөрдө Тажикстандын чек арачылары Как-Сай жергесиндеги «Достук» тозотуна ок чыгарып, ок атышуу 14:40та токтогон. Ошондой эле «Самаркандек» тозотунда да саат 15:08де ок атышуу башталып, саат 16:00гө карата токтогон.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат