Садыр Жапаров Ислам Каримовдун элесин эскерди

Садыр Жапаров Ислам Каримовдун элесин эскерди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-сентябрда, Өзбекстанстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун элесин эскерди. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Садыр Жапаров Самарканд шаарына Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин 22-жыйынына катышуу үчүн келип, Ислам Каримовдун күмбөзү жайгашкан “Хазрати Хизр” комплексине барды.

Мамлекет башчысы Өзбекстандын биринчи Президентинин мүрзөсүнө гүл коюп, куран окулду.

Хазрат Хизр мечити ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген Самарканддагы уникалдуу байыркы эстелик болуп саналат. 2016-жылы мечиттин жанына Ислам Каримовдун сөөгү коюлган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>