Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта курман болгон жоокерлердин элесин түбөлүккө калтыруу максатында китеп чыгарылат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалым болгондой, 10-январда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кеңешме өткөрүп, анда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуу учурунда каза болгон жоокерлердин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү тапшырган.
«Жыйында биринчи кезекте Кыргызстан менен Тажикстан ортосундагы кагылышууда курман болгон аскер кызматкерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча китеп чыгаруу тапшырмасы берилди. Окурмандардын (өзгөчө жаш муундардын) патриоттук сезимин жана курман болгон жоокерлерге болгон сый-урматты чыңдоо максатында кагылыш болгон жерлерде түз иш алып баруу, согушка чогуу катышкан жолдоштору, командирлер менен баарлашуу сунушталды.
Жыйында аталган басылманы республиканын бардык орто мектептерине жана жогорку окуу жайларына таратуу чечими кабыл алынды (басылманы окуу боюнча Билим берүү жана илим министрлигине окуу планына өзгөртүү киргизүү боюнча сунушу менен). Ошону менен бирге китепти ишке ашыруу коммерциялык максатты көздөбөшү керектиги айтылды», — деп айтылат маалыматта.
Жыйындын соңунда Ташиев алдыдагы иштерге өтө жоопкерчиликтүү мамиле кылууну жана бул демилгенин мамлекеттик маанисин жана маанилүүлүгүн эске алууну тапшырган. Оошондой эле китепти чыгаруу боюнча иштер 31-августка, акыркы мөөнөтү кыргыз-тажик жаңжалынын бир жылдыгына (2023-жылдын сентябрь айы) чейин бүтүшү керектигин айтып, китептердин бет ачары майрамдык маанайда өтөрүн кошумчалаган.
Эскерте кетсек, былтыр 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылышта, Тажикстандын кол салуусунан Кыргызстандан 62 адам, анын ичинде 50 аскер, 12 тургун каза болгон. Ошондой эле 205 адам, анын ичинде 151 аскер кызматкери, 54 турган жараат алган.
2022-жыл: Чек арада мекен үчүн курман болгон жоокерлердин тизмеси
Биздин Телеграм каналга катталыңыз