Чек арадан маралдарды тымызын өткөрүүгө аракет кылгандар кармалды – сүрөт

Чек арадан маралдарды тымызын өткөрүүгө аракет кылгандар кармалды – сүрөт

Кыргыз-өзбек чек арасында беш маралды мыйзамсыз алып өтүп бараткандар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 22-апрелде Баткен облусунун Кадамжай районунун Жаңы-Жер жергесинде орун алган. Анда чек ара кезмети мамлекеттик чек ара сызыгынын жанынан 1972-жылы төрөлгөн Т.Н. аттуу кыргыз  жаранына тиешелүү  Тойота-Превия   автоунаасын кармашкан.

Автоунааны текшерүү учурунда чек ара кезмети беш баш асыл маралдарды табышкан. Маралдардын жашы 1 жаштан 4 жашка чейин болгон, төрт жаныбардын мүйүздөрү жулунуу болгон.

Жагдайды аныктоо максатында унаанын айдоочусу жана аны менен жүргүнчү катары бара жаткан Өзбекстандын жараны кармалган.

Сурамжылоо учурунда жаныбарларды Өзбекстанга өткөрө тургандыктары аныкталган. Айдоочуда болсо маралдарга тиешелүү болгон эч кандай документтер болгон эмес.

Тиешелүү документтер толтурулган соң кармалагандар жана жаныбарлар андан аркы териштирүү иштердин жүргүзүлүшү үчүн компетенттүү органдарга  өткөрүлүп берилген.

Учурда беш баш маралдын баасы такталууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>