Чек арадан мыйзамсыз 5 тонна жүк алып өткөндөр кармалды – сүрөт

Чек арадан мыйзамсыз 5 тонна жүк алып өткөндөр кармалды – сүрөт

Чек арадан мыйзамсыз жашылча-жемиш алып өткөндөр кармалды. Бул тууралуу чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аткезчилер Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Кулунду айылынан кармалышкан. Анда Кыргызстандын эки жараны эки “Мерседес-Спринтер” үлгүсүндөгү унаа менен Тажикстандан Кыргызстанга жашылча-жемиштерди алып өтүүгө аракет кылышкан. Бирок чек арачылар алардын аракетине бут тосуп, аткезчилерди тергөө иштери үчүн тийиштүү түзүмдөргө өтөрүп беришкен.

Алдын ала маалыматтар боюнча чек арадан мыйзам алып өтүлүп жатып кармалган жүктүн салмагы 5 тонна болсо, баасы 530 миң сомду түзөт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>