Кыргызстанга Корея Республикасынан мыйзамсыз ташылып келе жаткан атырлар кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.
7-июль күнү кыргыз-казак чек арасындагы “Чалдыбар” өткөрмө бекетинен казак жараны айдап бараткан «DAF XF” унаасы текшерүүгө алынган. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен тийиштүү эч кандай документтери жана акциздик маркасы жок жалпы суммасы 2 миллион сомдон ашуун, 126 даана атыр табылган.
Топтолгон материалдар мыйзамга ылайык каттоого алынып, Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү мамлекеттик кызматына өткөрүлүп берилген.