Парламентте жарандардын кайрылууларын иштеп чыгуу үчүн Жасалма интеллект колдонулатКореялык Samsung C&T компаниясы Кыргызстандагы долбоорлорго инвестиция салууга кызыкдарБизнес ашыкча отчеттуулуктан бошотулат. Статистика системасы өзгөрөтБШКга Улан Сариевге депутаттык мандатты тапшырдыКыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү январь айында 400 млн долларга жакындадыПрезидент Кара-Кулжа айылында маданият жана калкты тейлөө борборун ачты
Черногориянын вице-премьер-министри Кыргызстанга расмий сапар менен келет
23.03.2026 | 09:32

23-24-март күндөрү Черногориянын вице-премьер-министри жана тышкы иштер министри Эрвин Ибрагимович Кыргызстанда расмий сапар менен болот. Бул тууралуу КРдин Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Сапардын алкагында ал Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Ошондой эле өлкө жетекчилиги менен жолугушат.
Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуунун келечегин талкуулашат. Мындан тышкары эл аралык жана аймактык күн тартиби, эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелери боюнча пикир алмашуу күтүлүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат