Чет өлкөдөгү 1200дөн ашуун жаран добуш берди

Чет өлкөдөгү 1200дөн ашуун жаран добуш берди

Чет өлкөлөрдө 25 шайлоо тилкеси бар. Бул тууралуу маалымат жыйында Бишкек шаардык аймактык комиссиясынын мүчөсү Кайрат Маматов билдирди. 

Анын айтуусуна караганда чет өлкөлөрдөгү 24 шайлоо участогу иштеп жаткан, жаңы эле Азербайжандагы шайлоо тилкеси да ишке кирип жалпы 25 шайлоо тилкеси иштөөдө. 

Ошондой эле ал саат 10:00гө карата чет өлкөдөгү шайлоо тилкелеринде жалпы 1201 шайлоочу добуш бергенин билдирди. 

Анын айтымында чет өлкөлөрдө жалпы 49 миң 111 шайлоочу катталган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>