Жалал-Абадда алимент төлөбөгөн жаран эки жылга эркинен ажыратылдыКыргызстан 2026-жылдын башынан бери 17 тонна гүл экспорттодуКыргызстанда үч жашка чейинки балдарга 1200 сомдон жөлөк пул бериле баштайт. Президент кол койдуКорея Ош шаарынын таза суу системасын жаңылоого 10 млн доллар грант беретСадыр Жапаров абактан чыккан Даниэль Ажиевди алып бара жаткан тик учакты кайтарууну буйруду6-мартка карата аба ырайы
Чет элдик жаран жасалма долларлар менен кармалды
10.03.2025 | 16:23
Бишкек шаарында чет өлкөлүк жаран 300 миңден ашык жасалма АКШ доллары менен кармалды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
Милициянын маалыматында, буга чейин бир нече жаран криптовалюта сатып алганы жатат деген маалыматтар тарап, бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, алдамчылар жасалма акча менен төлөөгө аракет кылышат деген божомолдор болгон.
Иликтөөнүн жыйынтыгында, шектүү катары 24 жаштагы С.И. аттуу чет өлкөлүк жаран кармалган. Шектүүдөн жасалма 362 миң 900 АКШ доллар акча табылып, алынган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренеси (акча жана баалуу кагаздарды жасалмалоо) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда бул кылмышка тиешелүү башка адамдарды аныктоо иштери жана тергөө жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар