Ички иштер министрлигинде 13-май күнү Бишкектеги хостелдеги мушташуу боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште министрдин орун басары Нурбек Абдиев билдирди.
Милиция 13-майда жана 17-майда өткөн окуялар алдын-ала пландалганы боюнча маалыматты дагы текшерүүдө.
«Мушташтан кийин чара убагында көрүлгөн эмес. Анын жыйынтыгында 17-майда массалык башаламандыкты болтурбоо үчүн ИИМдин курамын бүт тартууга аргасыз болдук», — дейт Нурбек Абдиев.
Белгилей кетсек, 13-майда 3 кыргызстандын чет элдикди тоноп, алар жашаган хостелде мушташ чыккан. Бул боюнча маалымат 17-майда тарап, кечинде жатакананын жанына миңдей жергиликтүү тургун топтолуп, Египеттин жарандарын жоопко тартууну талап кылышкан.