Бишкекте чет элдиктер менен жергиликтүү тургундардын катышуусунда болгон массалык мушташка байланыштуу чет өлкөнүн үч жараны кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук милициядан билдиришти.
Шектүү катары 24 жаштагы М.А., 21 жаштагы М.А. жана С.Х. аттуу чет мамлекеттин атуулдары кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Аларга «бейбаштык» беренеси менен иш козголду.
Ошондой эле окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн мушташ болгон жерде жүргөн, ага катышы бар делген башка адамдар да милицияга жеткирилген.
Милиция мыйзамды, коомдук тартипти бузгандар жоопко тартыларын эскертет.
Эскерте кетсек, аталган мушташ Бишкекте 13-майда кечинде болгон. Окуянын видеосу 17-майда соцтармактарга тарап, коомчулукта резонанс жараткан.