Бишкектин Асаналиев көчөсүндөгү темир жол өтмөгүндө унаа кыймылы чектелетЭкинчи ата-эненин макулдугусуз. Балдардын чет өлкөгө чыгуусу жеңилдетилиши мүмкүнБишкекте Чүй проспектисинин оңдолгон бөлүгү ачылдыБишкекте жети өлкөнүн компаниялары катышкан эл аралык өнөр жай көргөзмөлөрү өтөтСанитардык талаптарга жооп бербейт: Өзгөн районундагы мал союучу жай жабылдыКыйылган бир дарактын ордуна бешөө. ЖКда бак-дарактарды коргоонун жолун сунушташты
Чет элдиктердин катышуусундагы мушташ. Үч шектүү кармалды
18.05.2024 | 00:15
Бишкекте чет элдиктер менен жергиликтүү тургундардын катышуусунда болгон массалык мушташка байланыштуу чет өлкөнүн үч жараны кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук милициядан билдиришти.
Шектүү катары 24 жаштагы М.А., 21 жаштагы М.А. жана С.Х. аттуу чет мамлекеттин атуулдары кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Аларга “бейбаштык” беренеси менен иш козголду.
Ошондой эле окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн мушташ болгон жерде жүргөн, ага катышы бар делген башка адамдар да милицияга жеткирилген.
Милиция мыйзамды, коомдук тартипти бузгандар жоопко тартыларын эскертет.
Эскерте кетсек, аталган мушташ Бишкекте 13-майда кечинде болгон. Окуянын видеосу 17-майда соцтармактарга тарап, коомчулукта резонанс жараткан.