Чет мамлекет башчылары кыргызстандыктарды Жеңиш майрамы менен куттукташты

Чет мамлекет башчылары кыргызстандыктарды Жеңиш майрамы менен куттукташты

Коңшу өлкөлөрдүн жана бир катар чет мамлекеттердин башчылары Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы менен куттукташты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Орусиянын президенти Владимир Путин өз куттуктоосунда:

«Биздин өлкөлөрүбүздө биз согуш талаасында теңдешсиз эрдиктери жана тылдагы жан аябас эмгеги менен нацисттик баскынчыларды талкалоого мүмкүндүк бергендердин элесин ыйык тутуп, урматтайбыз.

Жеңүүчүлөрдүн мууну бизге мурас кылып калтырган достуктун жана өз ара жардамдын жакшы салттары биздин мамлекеттердин ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн жана союздаштык мамилелердин өнүгүүсү үчүн ар дайым бекем негиз катары кызмат кылат деп ишенем», — деп билдирген.

Ошондой эле Жеңиш майрамы менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев куттуктап, «бул улуу майрам бир тууган элдердин кажыбас кайраттуулугунун жана өчпөс эрдигинин, тынчтык, бейпилдик жана эркиндик үчүн баатырдык күрөшүнүн жаркын символу болуп саналарын» билдирген.

Мен Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы түбөлүк достук жана ынак коңшулук принциптерине негизделген стратегиялык өнөктөштүк жогорку деңгээлдеги жолугушуулардын жана бардык макулдашууларды ишке ашыруунун аркасында, албетте, жаңы деңгээлге чыгаарына ишенем», — деп айтылат Шавкат Мирзиёевдин куттуктоо катында.

Ал эми коңшу Казакстандын башчысы Касым-Жомарт Токаев «жеңгендердин болуп көрбөгөндөй эрдиги урпактардын жүрөгүндө жашайт жана келечек муундарга адеп-ахлактык жол көрсөткүч катары кызмат кыларын айткан.

«Адамзаттын тарыхындагы эң кандуу согуштун эң оор сыноолорун башынан өткөргөн элдерибиздин ортосундагы кылымдардан бери келе жаткан достук байланыштар мындан ары да чыңдала берерине, Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн жана союздаштыктын бекем пайдубалы катары каларына ишенем», — деп билдирген ал.

Мындан тышкары кыргызстандыктарды Жеңиш майрамы менен Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Беларусиянын президенти Александр Лукашенко, Сауд Аравия Королдугунун королу Салман бин Абдулазиз Аль Сауд жана Түркмөнстан Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов куттуктады.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>