Чоң Чүй каналынан эркек кишинин сөөгү табылды

Чоң Чүй каналынан эркек кишинин сөөгү табылды

Бишкек шаарындагы Чоң Чүй каналында  (П.Лулумба көчөсү менен кесилишкен жерде) агып бараткан белгисиз жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.

Анда айтылгандай, окуя тууралуу кабар куткаруучуларга 1-июль күнү саат 21:25те түшкөн.

Куткаруучулар айтылган дарекке барып,  европа улутундагы эркек адамдын жансыз денесин чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Учурда өздүгү такталууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>