Токтогул районунда жаңы мал союучу жай пайдаланууга берилдиАдылбек Касымалиев Шымкентте Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар жыйынына катыштыСокулукта 9 жаштагы Нурислам дайынсыз жоголууда27-мартка карата аба ырайыИшкананын каражатын жеке эсебине которуп турган. «Кыргыз почтасынын» мурдагы башкы эсепчиси кармалдыЭкспорттук рекорд: Өзбекстандын тышкы соодасынын көлөмү 35 жылда 18 эсеге өстү
Чолпон-Ата шаарындагы «Уют» жана «Уют плюс» мейманканалары мамлекетке кайтарылды
23.04.2025 | 16:34
Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы маркум Көлбаев менен байланышы бар болгон жаран тарабынан менчиктештирилген «Уют» жана «Уют плюс» мейманкана комплекстери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматта айтылгандай, К.К.А. аттуу жаран аталган мейманкана комплекстерин, ошондой эле үч кабаттуу коммерциялык жайды кылмыш жолу менен сатып алып, мыйзамдаштырып алганын аныкталган.
“Ал буга чейин маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин жакын шериги болгон жана анын кылмыш жолу менен табылган акча каражаттарын легалдаштырууга жана адалдоого катышып жүргөн”,- деп билдирди атайын кызмат.
Жүргүзүлгөн иликтөөнүн натыйжасында К.К.А. жогоруда аталган мүлктү Чолпон-Ата шаардык мэриясынын балансына өткөрүп берген.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар