Чолпон-Атада Нооруз майрамына карата көк бөрү боюнча мелдештер өтүүдө

17.03.2026 | 14:34

Ушул тапта Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында улуттук оюн – көк бөрү боюнча турнир өтүп жатат. Нооруз майрамына карата уюштурулган мелдештер 15-мартта башталган.

Көк федерациясынын маалыматында, турнирге 24 команда катышууда. Учурда Жогорку жана Биринчи лиганын тайпалык оюндары өтүп жатат. Финалдык беттештер 21-мартта өткөрүлөт.

Жогорку лиганын тайпалары:

  • А тайпасы: «Ысык-Көл», «Сары-Өзөн», «Намыс»;
  • В тайпасы: «Мурас», «Талас Алтын-Альянс», «Достук»;
  • С тайпасы: «Суусамыр», «Жылуу-Булак», «Шахтёр»;
  • D тайпасы: «Казарман», «Ичке-Суу», «Ынтымак».

Биринчи лиганын тайпалары:

  • А тайпасы: «Учкун», «Алдаяр», «Эр Намыс»;
  • В тайпасы: «Көл-Төр», «Байтик», «Бакайыр»;
  • С тайпасы: «Ак-Суу», «Соң-Көл», «Бийиктик»;
  • D тайпасы: «Арашан Биримдик», «Кемин», «Кегети».
Scroll to Top