АКШ Ирандын энергетикасын жок кылуу менен коркутууда — Трамп дагы эмнелерди айттыКыргызстандын аймактарында арзандатылган баадагы азык-түлүк жарманкелери туруктуу өткөрүлүүдөСокулукта уруксатсыз иштеп жаткан медресе аныкталды. Анда 23 өспүрүм билим алып жатканКыргызстан менен Беларусь нелегалдарды кайтаруу боюнча макулдаштыКыргызстандын ТИМи Ирандагы элчилигинин ишин убактылуу токтоттуУКМК: Токмокто уюшкан кылмыштуу топко таандык курал-жарактар сакталган жай табылды
Чолпон-Атада жаңы айланма жолдун курулушу башталды
09.02.2026 | 14:28
Чолпон-Ата курорттук шаарындагы жаңы айланма жолдун курулушунда «China Road and Bridge Corporation» кытайлык компаниясы подрядчы катары иш алып барат. Долбоорго ылайык, узундугу 15,64 чакырымды түзгөн төрт тилкелүү трасса мамлекеттик бюджеттин эсебинен параллелдүү долбоорлоо ыкмасы менен курулат.
Курулушту 2026-жылдын август айынын аягы — сентябрь айынын башында, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына жана ШКУ саммитине карата аяктоо пландаштырылууда. Жаңы жол аркылуу каттам акысыз негизде жүргүзүлөт. Чолпон-Ата мэриясы бул долбоор аймактын транспорттук инфратүзүмүн жакшыртууга багытталганын баса белгиледи.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом