Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жүргүнчүлөрү бар кичи автобус менен жеңил унаа катышкан жол кырсык катталды. Бул тууралуу Reporter.kg‘ге окуянын күбөлөрү билдирди.
Алардын айтымында, жол кырсык бүгүн, 21-июлда катталган. Алдын ала алынган маалымат боюнча жабыркагандар бар.
Жеринде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери иш алып барууда.
Учурда кырсыктын чоо-жайы такталууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз