Бишкек мэри борбор калаанын борборундагы курулуштар бузулган жерге курула турган фонтандардын долбоорун көрсөттүБишкекте тоолуу дистанциялар боюнча ачык чемпионат өтөтӨзбекстанда инфляция февраль айынын жыйынтыгы боюнча 7,3%ды түздү — ЕӨБдүн маалыматыКазакстанда жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча референдум өттү: реформаны жарандардын 86 пайыздан ашыгы колдодуКыргызстан менен ЮНИСЕФ өлкөдөгү балдардын укуктарын коргоо боюнча биргелешкен иш планды бекитишти2026-жылы Кыргызстанда 20 миңден ашык үй-бүлө МИК аркылуу турак жай менен камсыз болот
Чоң Чүй каналына түшүп кеткен өспүрүм изделүүдө
22.07.2022 | 09:24
Чүй районунда каналга түшүп кеткен 16 жаштагы өспүрүм изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 21-июль күнү Шамшы айылында Чоң Чүй каналына 2006-жылы туулган А.Ч. аттуу бала түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Жерине издөө иш-чараларын жүргүзүүгө ӨКМден 8 куткаруучу, ИИМден 3 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 11 адам тартылып, кеч киргенине байланыштуу иш-чаралар убактылуу токтотулган.
Издөө иштери 22-июль күнү улантылат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом