Минкаб көмүр контрабандасы менен күрөшүүнүн жолдорун аныктады

Минкаб көмүр контрабандасы менен күрөшүүнүн жолдорун аныктады

Экономика жана соода министрлиги чек арадан аткезчиликке жана мыйзамсыз көмүр ташууга бөгөт коюу максатында иштелип чыккан жобонун долбоорун коомдук талкууга койду.

Бийлик өкүлдөрү көмүрдү Эркечтам жана Торугарт өткөрмө бекеттеринен тышкары темир жол аркылуу гана ташып чыгуу керек деп эсептейт.

Иштеп чыгуучулар темир жол транспорту эң көп тараптуу экенин белгилешет. Ал экологиялык жактан таза жана социалдык, экономикалык жактан пайдалуу.

Демилгечилер транспорттун бул түрү жүктөрдү ташуудагы коопсуздуктун өтө жогорку деңгээлине жол ачарын белгилешет. Негизги артыкчылыгы — чек арадан контрабандалык товарларды алып өтүү фактыларын азайтуу.

Экономика министрлиги мамлекеттик чек ара аркылуу көмүрдү жалаң темир жол аркылуу ташууну жолго коюу зарыл деп эсептейт. Бул унаа менен экспорттоого караганда алда канча арзан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>